Tunduk тиркемесиндеги кызматтардын саны дагы көбөйдү

Коом 15 апрель 2025 16:21
Tunduk тиркемесиндеги кызматтардын саны дагы көбөйдү

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Tunduk колдонмосунда жаңы кызматтардын тизмеси көбөйдү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эми электрондук форматта төмөнкү маалымкаттарды алса болот:

  • Психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат;
  • Наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат.

Бул маалымкаттар:

  • Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн алынат;
  • Юридикалык күчкө ээ;
  • Күнү-түнү жеткиликтүү;
  • Мамлекеттик жана жеке уюмдар тарабынан кагаз түрүндө талап кылынбастан кабыл алынууга тийиш.