Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия алуу кызматы онлайн форматка өткөрүлдү.
"Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борборунан билдиришкендей, эми ишкерлер арыз берүүдөн тартып электрондук лицензия алганга чейин бардык жол-жоболорду мамлекеттик органга жеке барбастан, аралыктан жүргүзө алышат.
"Санариптик кызмат кагаз иштерин азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана лицензиялоо процессинин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.