Түштүк Курил аралдарында 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 19 июнь 2025 09:25
Түштүк Курил аралдарында 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 19.06.25 /Кабар/. Бүгүн Тынч океанында, атап айтканда Сахалин облусуна караштуу Түштүк Курил аралдарынын жанында магнитудасы 5,8 болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россия ӨКМне шилтеме кылып, Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Шикотан аралындагы эки айылда жана Кунашир аралындагы Южно-Курильск шаарчасында 3 баллга чейин сезилген. Цунами коркунучу жаралган жок.

«Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор каттала элек. Бардык кызматтар кадимки режимде иштеп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.