Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Түштүк Кореядагы токойдон чыккан өрттө каза болгондордун саны 18ге жетти. Бул тууралуу Yonhap агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, тилсиз жоонун кесепетинен 10 киши жабыркаган, алардын экөөсүнүн абалы оор. Бир адам дайынсыз жоголгону айтылды.
23 миң тургун коопсуз жерлерге эвакуацияланды. Өрттү өчүрүүгө миңдеген өрт өчүрүүчүлөр, ондогон тик учактар жана унаалар тартылган.
Өрттүн айынан 17 миң гектар токой аянты, 200дөн ашуун үй жана фабрикалар күйүп кетти.
Корея Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Хан Док Су токойдогу өрттүн жайылышын болтурбоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого чакырды. Ошондой эле ал өкмөт таштанды калдыктарын өрттөгөндөргө карата чараларды күчөтөрүн белгиледи.