Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Түштүк Кореяда токойдогу өрттө 30дан ашык адам көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс "Рейхап" кабарлаганын билдирди.
Маалыматка караганда, Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Кенсан-Пукто провинциясындагы өрттөн улам олуттуу жаракат алган адам каза тапты. Муну менен кайтыш болгондордун саны 31ге жетти.
Дагы сегиз кишинин абалы оор, 36 адам жеңил жаракат алган.
Токойдогу өрттүн кесепетинен 4 миң 15 үй, 1 миң 914 айыл чарба объектиси, жети чиркөө, 986 имарат жабыркады.
Болжол менен аймактагы 48 миң гектар токой аянтына зыян келтирилгендиктен, 3 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.