Түштүк Кореяда селден улам 18 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 21 Июль 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-07-21 at 09.05.21.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Өткөн аптада Түштүк Кореяда катуу жааган жамгырдын кесепетинен каза болгондордун саны 18ге жеткенин Ренхап агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата 18 адам көз жумуп, дагы тогузу дайынсыз болууда.

Селге байланыштуу 14 миң адам эвакуацияланган.

Түштүк Кореянын мамлекеттик метеорологиялык агенттиги эми Чолла-Намдо, Кёнсан-Намдо провинцияларында жана Чежу аралында жаан-чачындын көбөйүшүн болжолдоодо.

Ошондой эле жаан Чолла-Пукто жана Кёнсан-Пукто провинцияларында, борбордо жана Канвондо провинциясында күтүлөт.