Түштүк Кореяда аскердик учак кыйрады

Дүйнө 29 май 2025 14:50
Түштүк Кореяда аскердик учак кыйрады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Түштүк Кореяда аскердик учак кыйрады. Бул тууралуу Коммерсант гезити “Рёнхап” агенттигине таянып жазды.

Маалыматка караганда, кырсыкка аскер-деңиз күчтөрүнүн патрулдук учагы кабылган. Учак тоону барып сүзгөн. Бортто төрт адам болгон. Азырынча алардын абалы кандай экени айтыла элек.

Кырсык Япон деңизинин жээгинде жайгашкан Пхохан шаарынын түштүк-чыгышында катталган. Күбөлөрдүн пикиринде, учак кулаган жерден түтүн чыккан. Кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону жөнүндө маалымат жок.