Түштүк-Чыгыш Азиядагы суу ташкындары миңден ашык адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 02 Декабрь 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-12-02 at 08.45.01.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. "Дитва" циклонунан улам пайда болгон суу ташкындары акыркы бир жумада Индонезия, Таиланд, Малайзия жана Шри-Ланкада миңден ашык адамдын өмүрүн алды, деп Al Jazeera билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, Индонезияда 502 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголгон.

Өлкө президенти Прабово Субианто журналисттерге Индонезия өкмөтү жабыркаган айылдардын тургундарына тез жардам көрсөтүү үчүн аба күчтөрүн жөнөтүп жатканын айтты.

Шри-Ланкада суу ташкынынан 335 адам көз жумду. Лунувила шаарынын суу ташкынынан жабыркаган тургундарына жардам берип жатып, шашылыш конууга аргасыз болгон аскердик тик учактын учкучу каза болду.

Шри-Ланка бийлиги өзгөчө абал жарыялап, эл аралык коомчулуктан суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга жардам сурап кайрылды.

Таиланд болсо, өлкөнүн түштүгүндө 176 адамдын каза болгонун билдирди. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга коомчулуктун нааразычылыгынан улам эки жергиликтүү аткаминер кызматтан четтетилди.

Таиланд менен чектеш жайгашкан Малайзиянын Перлис штатына суу ташкыны таасирин тийгизди. Ал жакта үч адамдын өлүмү катталды.

Аймакка узакка созулган жамгырларды алып келген "Дитва" циклону 2025-жылдын ноябрь айынын аягында Инд океанында пайда болуп, 29-ноябрда шамалдын ылдамдыгы 20,8 м/с жеткен. Циклон 30-ноябрда жайлап калды деп айтылууда.