Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Түштүк Африка Республикасында калың кар жаап, жол кыймылы жана электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Кар Квазулу-Натал провинциясынын түштүк аймактарында, анын ичинде Андерберг, Кокстад жана Мататиэле шаарларында жааган. Свартберг менен Андербергди байланыштырган R617 жолу жабылып, айдоочуларга сапарын кийинкиге жылдыруу сунушталды.
Мындан тышкары, кар жана нөшөрлүү жаандан улам Кокстад, Франклин, Ноттингем-Роуд жана Андерберг аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Жолдордун жабылышы калыбына келтирүү иштерин кыйындатууда.
Бийлик айдоочуларды этият болууга чакырып, айрым аймактарда кар, катуу шамал жана жаан-чачын уланышы мүмкүн экенин эскертти.