Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан Сирия жана Ирактагы куралдуу жаңжал болгон аймактардан жалпы 500гө жакын жаранды, негизинен аялдар менен балдарды мекенине кайтарды. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” өткөн Улуттук кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы Ирактан 79 жаран, ал эми 2022–2024-жылдары Сириядагы лагерлерден 460 адам Кыргызстанга алып келинген. Алардын басымдуу бөлүгүн балдар түзөт.
Репатриацияланган жарандар адистештирилген жабык борборлорго жайгаштырылып, медициналык кароодон өткөрүлгөн. Аларга өнөкөт жана жугуштуу оорулар боюнча дарылоо жүргүзүлүп, балдарга эмдөө иштери уюштурулган. Ошондой эле үзгүлтүксүз психологиялык жардам көрсөтүлүп, куралдуу кагылышуулардан улам жаралган травмаларды жоюуга өзгөчө көңүл бурулган. Теологдор жана психологдор салттуу диний баалуулуктарды түшүндүрүү боюнча иштерди жүргүзүп, жарандардын укуктук макамы менен өздүк документтери калыбына келтирилген.
“Билим берүү багытында да бир катар иштер аткарылган. 85 мектептен 251 мугалим жана 36 тренер атайын окуудан өтүп, 308 бала билим берүү процессине интеграцияланган. Мындан тышкары 132 бала көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча тренингдерге катышса, 44 бала кошумча сабактарга тартылып, 22 өспүрүм кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Репатриацияланган үй-бүлөлөрдү коомго кайра интеграциялоо мамлекет үчүн негизги багыттардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө 79 балага камкорчу дайындалып, 71 балага “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чектелди. 54 аял кесиптик окуу курстарынан өтүп, алардын 46сы туруктуу жумуш менен камсыз болду. Мындан тышкары төрт аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, алар чакан бизнесин башташты. Министрлик бул үй-бүлөлөргө квартал сайын мониторинг жүргүзүп, социалдык колдоо иштерин улантып келет”, — деди Аида Исатбек кызы.