Түркиянын түштүгүндө жер титиреп, 1 өспүрүм каза болду

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 11:43
1824189653_0_180_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Түркиянын түштүгүндө жер титирөө болуп, бир өспүрүм каза болуп, 69 адам жаракат алганын өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая X социалдык түйүнүндө билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жер титирөө кечээ түндө Түркиянын Мармарис курортуна жакын жерде катталган. Жер титирөөнүн очогу 67 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Министрдин айтымында, жер титирөө Мугла провинциясында жана башка бир катар аймактарда сезилген, кыйроолор катталган эмес.

«Фетхиеде он төрт жаштагы Афранур Гюнлю жер титирөө учурунда паникага кабылып, ооруканага жаткырылган, бирок аны куткарып калуу мүмкүн болгон жок», — деп жазды Ерликая.

Дагы 69 адам чочулап бийиктиктен секирип жаракат алып, алардын 46сы ооруканага жаткырылды, деп кошумчалады министр.

Шейшембиге караган түнү Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) Түркиянын жээгиндеги Грециянын Додекан аралдарында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлады. Жер титирөөнүн очогу ушул эле аталыштагы аралдагы Родос шаарынан 19 чакырым түндүктө жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу он чакырым тереңдикте жайгашкан.

Мүмкүн болгон кыйроолор жана курмандыктар тууралуу азырынча маалымат жок.