Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата Түркиянын калкынын саны 86 млн 320 миң 602 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын Статистика институтунун маалыматына таянып, АЗЕРТАЖ билдирди.
Бул жыл башындагы көрсөткүчкө (1-январда 86 млн 92 миң 602 адам) салыштырмалуу 228 миң 434 адамга көп.
Түркияда эркектер калктын 50,01%ын (43 млн 170 миң 975 адам), ал эми аялдар 49,99%ын (43 млн 149 миң 627 адам) түздү.
Курактык топтор боюнча эң көп үлүштү 25-29 жаштагы жарандар ээлейт — 6 млн 655 миң 400 адам. Кийинки орунда 10-14 жаштагы курактык топ турат (6 млн 562 миң 310 адам). Ал эми 65 жаштан жогору курактагы тургундардын саны 9 млн 785 миң 90 адамга жетти.