Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Түркиянын Газага жеткирген гуманитардык жардамы 96 миң тоннадан ашты. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги Түркиянын өкмөтүнө караштуу Кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча башкармалыктын маалыматына таянуу менен билдирди.
Ага ылайык, 15-түркиялык кеме гуманитардык жардам менен Эль-Ариш портуна барды.
Бул ирет Газанын жашоочулары үчүн 1956 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы агенттиги менен биргеликте жалпысынан палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү үчүн Түркиядан Газага 15 кеме жана 14 учак менен жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү 96 миң 131 тоннага жетти.