Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Түркиянын Чешме курорттук аймагындагы токойдо өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости NTV телеканалы кабалаганын билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, өрт Ылдыр аймагындагы айыл чарба талааларында тутанып, катуу шамалдан улам өрт токойго жайылып кеткен.
Өрттү өчүрүүгө беш учак, 18 тик учак жана 36 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Токойду каптаган тилсиз жоодон улам үч айылдын - Ылдыр, Гермиян, Нохуталан айылдарынын тургундары эвакуацияланды.
Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы өрт өчүрүүчүлөр Измир провинциясынын Мендерес жана Сеферихисар райондорундагы өрттөрдү бир нече күндөн кийин өчүрүүгө жетишкенин айтты. Шаршемби күнү Түркиянын батышындагы Бурса жана Кожаэли провинцияларында да токой өртү чыкты.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая ири өрттөрдөн улам жалпысынан үч провинцияда 50 миңден ашык адам эвакуацияланганын билдирди. Түркиянын укук коргоо органдары буга чейин токойдогу өрткө тиешеси бар деген шек менен 17 кишини кармаганын юстиция министри Йылмаз Тунч белгилеген болчу.