Түркиянын аскердик учагы Грузияда кырсыкка учурады

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 09:00
17628686735709714030_1200x630.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Азербайжандан учуп келе жаткан Түркиянын С-130 аскердик-транспорттук учагы Грузияда кырсыкка учурады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигине таянып АЗЕРТАЖ жазды.

Учакта түркиялык 20 аскер кызматкери, анын ичинде экипаж мүчөлөрү болгон.

Түркиянын Коргоо министрлиги Грузия бийлиги менен биргеликте издөө-куткаруу операциясы жүрүп жатканын билдирди.

"Кырсыктын себебин түркиялык адистер иликтөөгө алуу үчүн учак кулаган жер курчоого алынды", — деп билдирди Коргоо министрлиги.

Кырсыктын себептери түрк адистеринин деталдуу анализинен кийин белгилүү болот.

Грузиянын Ички иштер министрлиги Түркиянын жүк ташуучу учагынын кыйрашына байланыштуу иликтөө иштери башталганын кабарлады.