Түркиялык учак кырсыкка учураган жерден 19 адамдын сөөгү табылды

Дүйнө Загрузка... 13 Ноябрь 2025 10:04
WhatsApp Image 2025-11-13 at 09.25.42.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Грузияда түркиялык аскердик учак кулаган жерден 19 аскер кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин, РИА Новости кабарлайт.

Маалыматка караганда, акыркы сөөктү издөө иштери уланууда.

Түркиянын лидери ошондой эле кырсыкка учураган Lockheed C-130 Hercules аскердик-транспорттук учагынын кара кутусу кырсык болгон жерден табылганын жана анын жаздыруулары адистер тарабынан талданып жатканын ырастады.

Эске салсак, 11-ноябрда Грузия аймагында түркиялык аскердик учак кулаган. Учакта 20 адам болгон.