Түркиялык машыктыруучу: Манас — мен абдан жакшы көргөн эпостордун бири

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 12:10
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Түркия VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына аркан тартыш, салттуу жаа атуу, самбо, овари, мангала жана тогуз коргоол боюнча курама командаларын алып келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жаа атуу, овари жана мангала боюнча курамасынын машыктыруучусу Жанан Алыжыолу “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, түрк делегациясы Кыргызстанга 28-августка караган түнү келип, 29-августта Чолпон-Атага жеткен.

“Кыргызстанга экинчи жолу келишим. Биринчи жолу эл аралык тогуз коргоол турниринде катышып, Тогуз коргоол эл аралык федерациясы менен келишим түзүү үчүн келгем.
Кыргызстанды жана кыргыз элин абдан жакшы көрөм. Кыргызстан менен Казакстан ата-бабаларымдын баскан изин эске салат. “Манас” эпосу мен абдан жакшы көргөн эпостордун бири. Анын духу бул жерден сезилип жатты.
Кырчындагы этношаарча мага көчмөндөрдүн жашоосу кандай болгонун жакындан түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бала кезимден бери биринчи жолу кайра атка минип, иттер менен ойнодум. Беш таш ойноп, лянги тептим. Улуттук кийимдер, баш кийимдер, зер буюмдар — баары абдан жакты.
Тамак-аштарыңар да өзгөчө экен. Кымыз менен жылкынын этин, арыкча беш бармакты абдан жакшы көрөм”, — деди Жанан Алыжыолу.

Ал Түркиянын командасы мангала боюнча жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Учурда мангала боюнча жакшы кетип баратабыз. Финалдык оюн көп нерсени чечет.
Командалык эсепте экинчи же үчүнчү орунду алуу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Түркия үчүн алгачкы медаль болушу мүмкүн. Ошондуктан абдан толкунданып, кубанып жатабыз”, — деди ал.