Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. 2023-жылдын февраль айында Түркиянын түштүк-чыгышында болгон ири жер титирөөлөр өлкөгө 104 миллиард долларлык зыян келтирген. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин “Анадолу” агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Эрдоган “кылым катастрофасы” Түркияга 104 млрд доллар өлчөмүндө түз каржылык зыян келтирсе, кыйыр зыяндын көлөмү 150 млрд долларды түзгөнүн айткан.
Ошондой эле ал жыл аягына чейин кырсык болгон аймакта жалпысынан 453 миң турак жай курула турганын кошумчалаган.
“Жер титирөөдөн жапа чеккендердин бардыгы турак жай жана иш менен камсыз болот. Эки эле жылдын ичинде биз реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча кеңири иш-аракеттерди жүргүздүк”, - деген Түркиянын президенти.