Түркиядан Россияга учкан учак шашылыш Литвага конду

Дүйнө Загрузка... 11 Март 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-03-11 at 08.21.41.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Түркиядан Россияга учкан учак шашылыш Литвага конду.

Интерфакс маалымдагандай, түркиялык авиакомпаниянын Стамбул-Москва каттамы боюнча учкан учагы Беларусь менен Литванын чек арасына жеткенде шашылыш Вильнюска конду.

Учак пландан тышкары жерге конгондо эч ким жабыркаган эмес.

Буга чейин ЖМКлар Airbus A330 учагынын командири Смоленскке жетип, багытын өзгөрткөнүн, андан соң кырсык белгисин берип, жакынкы шаарга конууга уруксат сураганын жазышкан.