Түркияда жыл башынан бери сууга чөккөн 2,2 миңден ашуун адам куткарылды

Дүйнө 17 август 2026 10:10
Түркияда жыл башынан бери сууга чөккөн 2,2 миңден ашуун адам куткарылды

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Жээк коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын жети айында жүргүзүлгөн 416 издөө-куткаруу операциясынын жүрүшүндө 2 257 адамды куткарышты.

Жергиликтүү ЖМКлар маалымдагандай, операцияларга кайыктар жана катерлер менен катар тик учактар да тартылган. Куткарылгандардын 261ине медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында деңизден 111 адамдын сөөгү чыгарылган. Эң көп куткаруу операциясы май айында жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, былтыр Түркиянын жээк сууларында Жээк коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери жалпысынан 8 453 адамды куткарып, сууга чөккөн 165 адамдын сөөгүн табышкан.