Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Түркияда жумуртканын баасы кескин жогорулап, акыркы төрт айда эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу “Азертадж” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, баалардын көтөрүлүшүнө экспорттун көбөйүшү себеп болууда.
Өткөн жылдын декабрь айында 30 даана жумуртканын бир таңгагы дүкөндөрдө 100-120 лира болсо, бүгүнкү күндө 250 лирага чейин сатып алууга болот.
Белгилей кетсек, кырдаалга ошондой эле америка бийлигинин өлкөдө куш тумоосунун жайылышына байланыштуу жумурткаларды активдүү импорттоо чечими таасир эткен.
Түркиянын жумуртка өндүрүү көлөмү жылына 20 миллиарддан ашса, анын 3,4-4 миллиарды дүйнөнүн 55 өлкөсүнө жеткирилет.
Эң ири импорттоочулар БАЭ, Катар, Ирак, Оман жана Сирия өлкөлөрү. Жыл аягына чейин жумуртка экспортунан түшкөн киреше 500 млн доллар деңгээлинде болушу күтүлүүдө.