Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жогорку окуу жайларында 2025/2026-академиялык окуу жылынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө орто билимден кийинки билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөр тууралуу айтты. Иш-чара Анкарадагы "Бештепе Миллет" конгресс жана маданият борборунда өткөн.
Oxu.Az TGRT News телеканалына шилтеме берүү менен билдиргендей, түрк президенти жаңы окуу жылында программалар жөнөкөйлөтүлө турганын белгиледи. Студенттердин билими долбоорлук, прикладдык жана изилдөөгө негизделген окутуу моделдерине негизделет.
Түрк лидеринин айтымында, күн тартибинде Европанын көптөгөн өлкөлөрүндөгү практика сыяктуу студенттерге үч жылда окуусун бүтүрүүгө мүмкүндүк берүүчү структуралык реформалар да бар.
"Бул реформалардын аркасында биздин жогорку билим берүү системабыз натыйжалуу болуп, эл аралык стандарттарга жооп берет", - деп баса белгиледи Эрдоган.