Түркияда болгон жер титирөөдөн бир адам каза таап, 29у жаракат алды

Дүйнө Загрузка... 11 Август 2025 08:55
a20abb09-1c13-4424-89a8-280a4c77e905.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.25 /Кабар. Түркиянын Балыкесир провинциясында 6,1 баллдык жер титирөө катталып, анын кесепетинен 81 жаштагы бир киши каза болуп, дагы 29 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жер титирөө 20–30 секундга созулуп, өлкөнүн батышындагы кеминде он райондо сезилди. Бир имарат урап, дагы 24ү зыянга учурады. Негизги силкинүүдөн кийин күчү 5 баллга чейин жеткен 20 афтершок катталды. Айрым аймактарда байланыш көйгөйлөрү бар экендиги айтылат.