Бишкек 16.06.25 /Кабар/. Күн мурун Түркиянын Аксарай шаарындагы Ихлара өрөөнүнөн учуп чыккан аба шарлары катуу шамалдын кесепетинен авариялык конууга мажбур болгон. Натыйжада, шарды башкарган учкуч каза болуп, 31 турист ар түрдүү жеңил жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдиргенин Известия.ру агенттиги жазды.
Аймактын губернатору Мехмет Али Кумбузоглун бул туурасында “Тилекке каршы, биздин учкуч шардын астында калып, каза болду. Туристтердин абалы жакшы. Биз аларды тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирдик. Учурда медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат», — деген.
Эске салсак, буга чейин да мындай окуя катталып, Ихлара өрөөнүнөн учуп чыккан аба шары Гюзельюрт районуна караштуу Белисырма айылына жакын жерде авариялык конууга мажбур болгон. Анда 12 индиялык турист жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген.