Түркияда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Дүйнө 28 октябрь 2025 09:03
Түркияда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Түркияда 6,1 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Түркиянын Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча башкармалыгынын (AFAD) сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Балыкесир провинциясынын Сындыры районунда 27-октябрда саат 22:48де 6,1 баллдык жер титирөө катталды.

Жердин силкиниши Мармара калктуу пунктунда, Эгей аймактарында, Стамбул жана Измирде да сезилген.