Түркияда 600дөн ашык адам шаурмага ууланды

Дүйнө 4 апрель 2025 10:50
Түркияда 600дөн ашык адам шаурмага ууланды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Түркиянын Кожаэли провинциясында 650 адам тоок этинен жасалган шаурмага ууланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, жалпы жонунан 648 адам өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылган. Алардын 646сы үйүнө чыгарылган. Ал эми дагы эки бейтап дарылануусун улантууда.

Окуяга байланыштуу эки адам кармалганы айтылды.

Буга чейин ЖМКлар Кёрфез районунда шаурма жеген 300дөй кардар ичи ооруп жатканын айтышканын маалымдашкан болчу.