Түркия Сириянын экспорту үчүн чектөөнү алып, транзиттик каттамдарды ачты

Дүйнө 12 февраль 2025 12:39
Түркия Сириянын экспорту үчүн чектөөнү алып, транзиттик каттамдарды ачты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Түркия сириялык экспортко киргизилген чектөөлөрдү алып, транзиттик соодага каттамдарды ачты. Бул тууралуу САНА агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, эми сириялык товарлардын жана азык-түлүктөрдүн Түркиянын рыногуна чыгуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Сириянын кургактагы жана деңиз портторунун башкы башкармалыгынын байланыштар боюнча директору Мазен Алуштун айтымында, Түркиянын соода министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

“Бул чектөөлөрдүн алынышы эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелеринин байланышын көрсөтөт”, - деди ал.