Түркия АКШга 15 миң тонна жумуртка жөнөтөт — Кабар

Түркия АКШга 15 миң тонна жумуртка жөнөтөт

Дүйнө 21 февраль 2025 10:18
Түркия АКШга 15 миң тонна жумуртка жөнөтөт
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Жакынкы айларда Түркия АКШга 15 миң тонна жумуртка жөнөтөт.

Euronews маалымдагандай, учурда АКШнын ички рыногунда куш тумоосунун айынан жумуртка тартыш болуп жатат.

Мындан улам Түркия келишимге ылайык, тоок жумурткасын экспорттоону баштады.

Жүктү жеткирүү иштери июлга чейин созулат.

Жалпысынан 700 контейнерден турган 15 миң тонна жумуртка экспорттолору айтылды.