Түрк бизнес делегациясынын Кыргызстанга таанышуу сапары уюштурулду

Коом Загрузка... 27 Февраль 2025 12:28
WhatsApp Image 2025-02-27 at 11.20.45.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25./Кабар/. Түрк бизнес делегациясынын Кыргызстанга таанышуу сапары уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев таанышуу максатында келген түрк бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту.

Түрк бизнес делегациясынын таанышуу сапары Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган.

Түрк делегациясынын курамын соода, курулуш, айыл чарба жана туризм тармактарында иш алып барган алдыңкы компания өкүлдөрүн камтыды.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана инвестициялык өнөктөштүктүн келечегин кеңейтүүнү талкуулоо болду.

Министрдин орун басары Имангазиев кыргыз-түрк мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан түрк инвестицияларын тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кызматташтык алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууда түрк бизнес өкүлдөрү экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришип, Кыргызстанда соода алакаларын кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сунушталган демилгелерди деталдуу иштеп чыгуу максатында тиешелүү ведомстволордун жана бизнес чөйрөлөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.