Төрөбай Кулатов тууралуу тасма тартуу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 15 Апрель 2026 11:30
1042801048_0_0_2103.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.04.26./ Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламенттин жыйынында мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатов тууралуу көркөм тасма тартуу демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, мындай инсандар тарыхта өтө сейрек кездешет.

"Кулатов Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер. Согуштун оор жылдарында ал Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасы болгон, ал эми 1945-жылдан 1978-жылга чейин Жогорку Советтин президиумунун төрагасы кызматын аркалаган.
Анын жетекчилиги астында Кыргызстанда ири долбоорлор — Чоң Чүй каналы, Бишкек–Ош унаа жолу, Быстровка–Рыбачье темир жолу ишке ашырылган. Кулатов өлкөнү эң татаал мезгилдерде башкарууга катышып, айыл чарбасынын, экономиканын жана өнөр жайдын өнүгүшүнө чечүүчү салым кошкон", - деп билдирди депутат.