Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: Текшерүү иштери уланууда

Коом 822 18 Февраль 2025 11:34
476900012_939184218390325_2359591005382167875_n.jpg
480292681_939184215056992_2111535790338439935_n.jpg
479711813_939184221723658_4702589271274555968_n.jpg
480258628_939184305056983_190034896891233924_n.jpg
480506403_939184308390316_4006975963341417927_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Өлкө аймагында транспорттук көзөмөлдүү күчөтүүнүн алкагында текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында, министрликтин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти төмөндөгүдөй текшерүүлөрдү жүргүзүүдө:

  • автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин талаптарын сакталышын камсыз кылуу боюнча автоунаалар менен эл аралык жүк жана жүргүнчү ташууларды көзөмөлдөө;
  • КР автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышын көзөмөлдөө;
  • жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Кыргызстандагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу боюнча салмак-габариттик көзөмөл жүргүзүлөт.