Ош аэропортунан 1 млн 200 миң сомдук никотин продукциясы аныкталды

Укук тартиби 6 октябрь 2026 21:00
Ош аэропортунан 1 млн 200 миң сомдук никотин продукциясы аныкталды
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы аэропорттун текшерүү зонасында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери курамында никотин бар тыюу салынган продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты.

Мекеменин маалыматына ылайык, жүктөрдү кароо учурунда жалпы алдын ала баасы 1 миллион 200 миң сомдон ашкан, чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс) 2 миң 497 даана продукция табылып, алынды. Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында чегилбей турган тамеки заттарын жана курамында никотин бар чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, алып кирүүгө, сактоого, сатууга жана жүгүртүүгө мыйзам тарабынан катуу тыюу салынган.