Өлкө аймагында транспорттук көзөмөл күчөтүлдү. Текшерүү иштери тынымсыз уланат

Коом 814 12 Март 2025 11:34
483470371_955283286780418_2955447541823543984_n.jpg
483960884_955283280113752_7908235912647642816_n.jpg
484409868_955283276780419_3809963123670448384_n.jpg
484119511_955289570113123_4710870577060048549_n.jpg
Алдыга
Артка
483470371_955283286780418_2955447541823543984_n.jpg
483960884_955283280113752_7908235912647642816_n.jpg
484409868_955283276780419_3809963123670448384_n.jpg
484119511_955289570113123_4710870577060048549_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Өлкө аймагында транспорттук көзөмөлдүү күчөтүүнүн алкагында текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында, министрликтин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти төмөндөгүдөй текшерүүлөрдү жүргүзүүдө:

  • Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин талаптарын сакталышын камсыз кылуу боюнча унаалар менен эл аралык жүк жана жүргүнчү ташууларды көзөмөлдөө;
  • Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышын көзөмөлдөө;
  • Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу боюнча салмак-габариттик көзөмөл жүргүзүлөт.

"Урматуу айдоочулар! Транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуудан алыс болууга чакырабыз!",-деп айтылат маалыматта.