Транспорттон фармацевтикага чейин: Кыргызстан менен Пакистан соода байланыштарын күчөтөт

Экономика Загрузка... 03 Декабрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык байланыштар акыркы жылдары оң динамиканы көрсөтүп, кызматташууну кеңейтүү багытында кадамдар жасалууда. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыкта чоң потенциалы бар. Бирок, бул дараметтер учурда колдонулбай жатканы буга чейин эле белгиленип келген. Алдыда президент Садыр Жапаровдун Пакистанга мамлекеттик сапары алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүүсү күтүлүүдө.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын Пакистан менен соода жүгүртүүсү 16,1 млн долларды түзгөн. Анын 14,2 миллиону импорт, 1,9 млн доллары экспорт болгон. Ал эми 2025-жылдын январь-сентябрында эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 13 млн долларга жеткен. Анын ичинде импорт 11,9 млн, экспорт 1,1 млн долларды түзгөн. Буга чейин орто мөөнөттүү келечекте товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү сунушу айтылган.

2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын Пакистан менен товар жүгүртүүсү 2,3 эсеге өскөнү менен Пакистан Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө аз көлөмдү ээлейт. 2024-жылы болгону 0,09% болсо, ушул жылдын январь-сентябрында 0,12%ды түзгөн.

Пакистандан негизинен фармацевтикалык товарлар, текстиль жана трикотаж кездемелеринен тигилген кийимдер, азык-түлүк товарлары жана күрүч, чай, цитрус жемиштери, өсүмдүк майлары, картошка, банан сыяктуу айыл чарба продукциялары импорттолот. Кыргызстан өз кезегинде төө буурчак, көмүр, мал жандыктарын жана тери экспорттойт.

Президент Садыр Жапаров Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлерин аталган өлкөнүн элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алуу учурунда билдирген.

"Кыргызстан Пакистан менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар жана соода, энергетика, өнөр жай жана медицина тармактарында кызматташууга, инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга умтулат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода карым-катнашты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанилүү багыттарынын бири – өлкөлөрүбүздүн транспорттук-транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу”, - деген президент.

Расмий маалымат боюнча, Пакистандан Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги бөлүгү дүң жана чекене соодага, ошондой эле банк тармагына туура келет. Акыркы 5 жылда Пакистандан Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын келиши оң динамиканы көрсөттү. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, 2020-жылы – $2 млн, 2021– $1.2 млн, 2022 – $4.4 млн, 2023 – $6.9 млн жана 2024-жылы – $4.6 млн түз инвестиция келген.

Эки өлкөнүн экономикалык алакасын чыңдоо багытында 1994-жылы түзүлгөн Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйыны быйыл Исламабад шаарында өттү. Делегацияны минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барып, жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашырууга жана түз байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында соода-экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүдөн тартып, маалымат технологиялары боюнча кызматташуунун келечегине чейин маселелер талкууланып, жыйынтыгында 4 маанилүү документке кол коюлган.

Экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине билдиргендей, кызматташтыктын негизин жогоруда аталган Кыргыз-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясы түзөт.

“Бул комиссиянын жыйындарында соода-сатыкты активдештирүү, инвестиция тартуу жана тармактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат. ​Ошентсе да, соода жүгүртүүнүн көлөмү эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша толук ачыла элек. Эки тарап тең учурда түз бизнес байланыштарды түзүү жана сооданын көлөмүн көбөйтүү аракеттерин көрүүдө. Акыркы жылдары эки өлкө жогорку деңгээлдеги жолугушууларды, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын, бизнес-форумдарды жигердүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экендигин көрсөтүп келет​”, - деди Чороев.

Белгилей кетсек, соода-алаканы артыруунун дагы бир багыты “Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Пакистан” транзиттик жүк ташуулар жөнүндө 1995-жылы кол коюлган төрт тараптуу макулдашууну ишке ашыруу. Бул транзиттик жүк ташуу каттамы Кыргызстанга Пакистан аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Азырынча уникалдуу транспорттук коридор өзүнүн ишинин баштапкы этабында турат. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан Афганистанда жана Пакистанга CASA-1000 долбоору аркылуу 2027-жылдан тарта жыл сайын жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоп баштамакчы. Аталган ири долбоорлор кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тараптар үчүн пайда алып келүүгө өбөлгө болот.

Дипломатиялык мамилелер түзүлгөн учурдан тартып Кыргыз-Пакистан мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтык достук жана ишенимдүү мамилелер менен мүнөздөлүп келген. Президент Садыр Жапаровдун соңку визиттен туура 20 жылдан кийинки мамлекеттик сапары эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык кызматташтыгынын жаңы барагын ачмакчы.