Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Австриянын финансы министринин орун басары Андреас Райххард жетектеген австриялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана мындан аркы аракеттер талкууланып, транспорт тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Бекназар Базаралиев министрлик көп тараптуу мамилелерге жана жаңы демилгелерге дайыма ачык экенин баса белгиледи. Ал Кыргызстан Австриянын транспорттук процесстерди санариптештирүү, товарларды ташуудагы электрондук документтерди киргизүү жана Европа биримдигиндеги автоматташтырылган башкаруу системасын түзүү боюнча тажрыйбасына кызыгып жатканын билдирди.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар мындан ары тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.