Транспорт министрлигинде 567 млн сомдук материалдык жетишсиздик аныкталды

Коом 6 март 2025 17:40
Транспорт министрлигинде 567 млн сомдук материалдык жетишсиздик аныкталды

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Транспорт жана коммунициялар министрлигинде товардык-материалдык жетишсиздиктер, аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура тарабынан Транспорт министрлигинин жооптуу сактоосунда турган мобилизациялык резервиндеги 567 млн сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган.

Бул факты Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.