Трамвай, метробус, поезддер: Бишкекти алдыда кандай өзгөрүүлөр күтөт?

Коом Загрузка... 26 Январь 2026 16:06
image1170x530croppe_vInPtcM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы министрлер кабинетинин "Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ борбор калаанын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт.

Документте белгиленгендей, Башкы план 2050-жылга чейин Бишкектин бирдиктүү шаардык өнүктүрүү саясатын калыптандыруучу негизги аймактык пландаштыруу документине айланат. Анын негизги максаттары шаардын туруктуу жана тең салмактуу өнүгүшүн камсыз кылуу, коопсуз жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүү, инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле борбор калаанын жаратылыш, экологиялык, тарыхый жана маданий потенциалын сактоо.

09dce452-fb0f-4386-9164-196a9d7118a1

Башкы пландын долбоору министрлер кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы тескемесине ылайык жана 2006-жылы бекитилген 2025-жылга чейинки Бишкектин учурдагы Башкы планынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу иштелип чыккан.

Документке ылайык, 2025-жылдын 1-январына карата Бишкектин калкынын саны 1 млн 321 миң 900 адамды түздү. 2050-жылга чейин калктын саны 1 млн 920 миңге чейин же дээрлик 600 миң адамга көбөйөт деп болжолдонууда, бул шаардык инфраструктураны тездетип жана комплекстүү өнүктүрүүнү талап кылат. Шаардын бекитилген чек араларынын ичиндеги аймагы 41 081,33 гектарды түзөт.

photo1691733607_l07Ok67.width-800

Долбоор ар бир административдик райондо жаңы коомдук жана бизнес борборлорду, ошондой эле административдик, медициналык, билим берүү, спорттук жана эс алуу максатында адистештирилген борборлорду түзүүнү караштырат.

Айрыкча калктын саны акыры 2,5 млн адамга жетиши мүмкүн болгон Бишкек агломерациясын өнүктүрүүгө көңүл бурулууда. Башкы планда агломерация борборлорунун системасын, транспорттук байланыштарды жана агломерациянын өзөгүнөн тышкары жумуш орундарын кайра бөлүштүрүү каралган.

Документтин экономикалык бөлүмүндө шаардын жумушчу күчүнүн 1 млн 179 миң 100 адамга чейин көбөйүшү, жумуш менен камсыз болгон калктын 943 300 адамга чейин көбөйүшү жана өнөр жайда, транспортто, курулушта, социалдык чөйрөдө жана кызмат көрсөтүүлөрдө 349,4 миң жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү болжолдонууда.

Башкы планда транспорттук инфраструктураны кеңири масштабда өнүктүрүү, анын ичинде “Манас” аэропортун реконструкциялоо, айланма жолду куруу, курулган аймактарды айланып өтүүчү темир жолду куруу, көчө жана жол тармагын өнүктүрүү жана коомдук транспортту өнүктүрүүгө артыкчылык берүү каралган.

Тактап айтканда, үч жогорку сыйымдуулуктагы, жогорку ылдамдыктагы коомдук жүргүнчү ташуучу транспорт системасын өнүктүрүү пландалууда. Мында “Батыш – Борбор – Чыгыш” багыты боюнча шаар ичиндеги темир жол каттамы, жеңил рельстүү система (трамвай) жана метробус (BRT), ошондой эле ар кандай транспорттук түйүндөрдү түзүү киргизилген.

2vqkq8vu1u4gokwwsosskssks.width-800

Документтин өзүнчө бөлүгү экологияга арналган. Башкы планда шаардын жаратылыш жана экологиялык алкагын өнүктүрүү, жашыл мейкиндиктерди сактоо жана кеңейтүү, суу жээктерин жакшыртуу, ошондой эле өнөр жай жана транспорт зоналарын экологиялык жактан кайра түзүү каралган.

eecd6076-6e4c-4bc9-b69a-c4216f219a50

Долбоордо белгиленгендей, 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Башкы планын бекитүү ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн укуктук жана пландык базаны түзөт жана ал шаар тургундарынын жашоосунун сапатын жогорулатууга жана борбор калаанын туруктуу өнүгүшүнө багытталат.