Аэропортторду өнүктүрүүгө 9,8 млрд сомдон ашык инвестиция багытталды

Коом 7 октябрь 2026 15:42
Аэропортторду өнүктүрүүгө 9,8 млрд сомдон ашык инвестиция багытталды

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнүн 93 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Минкаб башчысы статистикалык маалыматтарга таянып, “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын 2026-жылдын тогуз айынын алдын ала жыйынтыгы боюнча консолидацияланган таза кирешеси 4,2 миллиард сомду түзгөндүгүн белгиледи.

"Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 миллиард сомдон ашык каражат инвестицияланды", - деп белгиледи ал.