Трамптын администрациясы USAID`дин 2 миң кызматкерин иштен алды

Дүйнө Загрузка... 24 Февраль 2025 11:22
WhatsApp Image 2025-02-24 at 08.10.54.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Күн мурун президент Дональд Трамп тарабынан дайындалган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчилиги агенттиктин 2 миң кызматкерине жумуштан кетирүү тууралуу электрондук каттарды жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, муну менен катар мекеменин миңге жакын кызматкери эмгек өргүүсүнө чыгарылган.

Документке ылайык, бул “критикалык программаларда” иштеген же “атайын программаларды” ишке ашыруучу кызматкерлерге, ошондой эле “негизги жетекчилерге” тиешелүү эмес.

“Бул АКШнын күзөт бекеттериндеги болжол менен 1 миң 600 кызматкерге таасирин тийгизет”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда чет өлкөдө иштеген кызматкерлер үчүн USAID толугу менен агенттик тарабынан каржылана турган учуу программасын түзүүнү пландаштырууда.

Бардык ашыкча кызматкерлер өз өлкөсүнө кайтып келгенге чейин агенттиктин тутумдарына жана ресурстарына, ошондой эле дипломатиялык каналдарга кире алышат.