Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп чет элдик инвесторлорго жарандык алууга мүмкүнчүлүк бере турган "алтын картанын" дизайнын көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Трамп пилоттук экземплярды президенттик учакта баратканда журналисттерге көрсөткөн.
" 5 миллион доллар берсеңиздер, бул силердики болот. Бул кандай карта билесиздерби? Бул Трамптын картасы", - деген ал. Карта алтын түстө экени, бетинде Трамптын портрети түшүрүлгөнү айтылды.
Трамптын пикиринде, алтын карта эки жума ичинде жеткиликтүү болот.
Буга чейин АКШ президенти "алтын карта" программасы ишке ашырыларын февраль айында билдирген эле.