Бишкек, 03.10.25 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп анын администрациясы киргизген импорттук бажы төлөмдөрү өлкөгө жылына $1 трлн ашуун киреше алып келерин билдирди. Бул тууралуу ал One America News телеканалына таянып, Коммерсант билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Трамптын айтымында, Вашингтон буга чейин эле тарифтерден $200 млрддан ашуун каражат түшүргөн. Ал бажы төлөмдөрү “жыйынтыгын эми бере баштады” деп белгиледи.
АКШ президенти буга чейин да импортко киргизилген тарифтерди өлкөнү коргоо механизми катары баалап келген.
Ошондой эле, ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясындагы жалпы талкууда сүйлөп жатып, АКШ бардык мамлекеттер менен соода кылууга даяр экенин, бирок бул процесс адилеттүүлүк жана өз ара принциптердин негизинде гана болушу керектигин белгилеген.