Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнө жүзүндө Американын билим берүүсү жана Билим берүү министрлиги эң начар экендигин айтты. Мындай пикирин ал Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин ТАСС жазды.
Маалыматка караганда, Трамп мектептерди АКШнын штаттарына башкарууга берүү керектигин, ошондой эле министрликти жоюу зарылдыгын белгилеген.
"Билим берүү министрлигинин функцияларынын бир бөлүгү Финансы министрлигине, Соода министрлигине же чакан бизнестин администрациясына өтүшү мүмкүн", - деди ал.
Дональд Трамп декабрь айында шайлоо кампаниясынын маалында министрлик ашыкча бюрократия жаратып жатканын, анын иштерин штаттардын департаменттери аткара аларын айткан болчу.