Трамп дарылардын баасын 30-80% арзандатуу боюнча жарлыкка кол коерун айтты

Дүйнө 12 май 2025 10:00
Трамп дарылардын баасын 30-80% арзандатуу боюнча жарлыкка кол коерун айтты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп дарылардын баасын 30-80%га чейин арзандатуу боюнча жарлыкка кол коерун айтты. Бул тууралуу ал Truth Social `га жазганын ТАСС кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, анда Трамп өлкөдөгү дарылардын баалары көп жылдардан бери тынчсыздандырып келгенин билдирген.

"Мен Ак үйдө өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү жарлыкка кол кое турганымды билдирет элем. Дарылардын баасы дээрлик 30-80% төмөндөйт", - деген ал.