Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ администрациясынын ишинин токтоп турушу (шатдаун) уланып жаткандыгына байланыштуу федералдык чиновниктерди жумуштан кетирүү башталганын жарыялады, деп билдирет DW.
"Учурда жумуштан бошотуу процесси башталды", — деди Трамп жекшемби күнү Вашингтондогу Ак үйдө журналисттерге.
"Мунун баары демократтардын айынан. Көптөгөн жумуш орундарынын жоюлушуна демократтар жооптуу", — деп кошумчалады республикачыл президент, андан кийин жумуштан бошотуулардын деталдарын тактабастан, теманы кескин өзгөрттү.
Миңдеген чиновниктер эмгек акысыз калды
Бюджеттин бөгөттөлүшүнөн - "шатдаун" деп аталган абалдан улам 750 миңдей федералдык кызматкер акы төлөнбөгөн мажбурдуу эмгек өргүүгө (отпуск) жиберилди. Жашоо-турмушту камсыз кылуучу кызматтар – авиадиспетчердик кызмат, полиция, чек ара кайтаруу жана тез медициналык жардам – бул тизмеге кирген жок. Трамп башынан эле шатдаун созулуп кетсе массалык жумуштан бошотууларды айткан.
Шатдаун расмий түрдө 1-октябрда АКШ Конгресси убактылуу бюджетти кайрадан макулдаша албай калгандан кийин башталган. Ошондон бери республикачылар менен демократтардын лидерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Оппозиция өкүлдөрү "Obamacare" деп аталган, аз камсыз болгон жарандар үчүн медициналык камсыздандыруу программасын мындан ары мамлекеттик колдоо маселесинде артка чегинүү ниети жок экенин билдиришти.