Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп "Америка үнү" радиосун "толук кырсык" деп атап, Конгресстеги партиялаштарын аны биротоло жабууга чакырганын РИА Новости жазып чыкты.
Ак үй башчысы аталган медианы «солчул жана кыйратуучу» деп сыпаттаган.
«Республикачылар эмне үчүн демократтардын куралы болгон «Америка үнүн» колдошу керек? Бир дагы республикачыл анын сакталып калышына добуш бербеши керек. Жоготкула!» — деп жазды Трамп Truth Social баракчасында.
Эске салсак, Трамп өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн башында бюрократияга каршы күрөшүү максатында бир катар уюмдардын кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Алардын катарында «Эркин Европа/Азаттык радиосу» жана «Америка үнү» медиакорпорацияларын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттиги да бар.
Трамптын чечимине ылайык, кээ бир мамлекеттик уюмдар өз функцияларын жана кызматкерлердин ишин АКШнын мыйзамдарында каралган минималдуу деңгээлге чейин кыскартууга аргасыз болгон.