Трамп АКШга импорттолгон алюминийдин баасын эки эсе көтөрдү

Дүйнө Загрузка... 04 Июнь 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-06-04 at 08.57.52.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Амеркага импорттолгон темир менен алюминийдин тарифтерин эки эсе көбөйткөн буйрукка кол койду, деп Ак үй билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.

Буга чейин бул тармактар боюнча бажы төлөмү 25% түзсө, эми ал 50%га жетет.

Маалыматта белгиленгендей, 50%дык жаңы тарифтер Вашингтон убактысы боюнча 4-июнга карата күчүнө кирет.

Ал эми АКШнын ЖМКларынын маалыматына караганда, бул жаңы төлөмдөр Улуу Британиядан башка бардык өлкөлөргө тиешелүү болот.

Трамп буга чейин бул чараларды жарыялап жатып, бул кадам "АКШнын темир өндүрүш тармагын дагы да коопсуз кылат" деп билдирген.

Буга чейин Трамптын администрациясы темир, алюминий жана автоунаа импортуна 25%дык бажы төлөмдөрүн киргизген болчу. Ошондой эле АКШ Европа биримдигинен келген товарларга, жооп катары, 20% көлөмүндө кошумча бажы төлөмдөрдү киргизген. Бирок Трамп 9-апрелде 75тен ашуун өлкөгө карата импорттук тарифтерди жогорулатуу боюнча чечимдерди 90 күнгө токтотууну чечкенин билдирген. Бул аралыкта алар минималдуу 10% төлөм төлөп турушат деп болжолдонууда.