Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Дональд Трамп АКШ Ирандын аскердик объекттерине сокку урганын айтты. Бул тууралуу АКШ президенти Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Анда белгиленгендей, Трамп Ирандын ядролук объекттерине жасалган соккуларды спутниктик сүрөттөр тастыктап турарын билдирген.
АКШ 22-июндун түнүндө Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахандеги үч ядролук объектисине сокку урган. Вашингтондун билдирүүсүнө караганда, бул кадамдар Ирандын ядролук программасын жок кылууга же алсыратууга багытталган.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин пикиринде, эми Иран өз коопсуздугун жана кызыкчылыгын сактоого бардык чараларды көрөт. Ирандын атомдук энергия боюнча уюму Ирандын ядролук өнөр жайынын өнүгүүсү токтобой турганын билдирди.
АКШнын Иранга жасаган соккусу эл аралык деңгээлде терс реакцияны жаратты. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш АКШнын соккуларын эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка түз коркунуч экенин айтты.