Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн мурдагы адвокаты, Нью-Йорктун мурдагы мэри Руди Жулианиге жана дагы өзүнүн 76 тарапташына ырайым берди. Бул тууралуу X социалдык тармактагы баракчасына ырайым берүү боюнча америкалык прокурор Эд Мартин жазганын Коммерсант гезити кабарлайт.
Ырайым алгандардын көпчүлүгү 2020-жылы Дональд Трамптын кайра шайланышына багытталган шайлоого кийлигишүү боюнча айыпталган. Алардын арасында Ак үйдүн мурдагы администрация башчысы Марк Медоуз, адвокат Жон Истман жана юридикалык кеңешчи Сидни Пауэлл бар.
Politico журналынын маалыматы боюнча, Дональд Трамптын ырайымдары көбүнчө символикалык мааниге ээ, анткени ырайым берилгендердин бири да федералдык айыптоолорго кабылган эмес, бир гана штаттык айыптоолорго дуушар болгон. Ошондой эле президенттин ырайымы аларга каршы мындан аркы федералдык айыптоолорго жол бербейт.