Трамп 43 күндүк шатдаундан кийин өкмөттүн бюджетине кол койду

Дүйнө Загрузка... 13 Ноябрь 2025 10:15
2053354748_0_160_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс бекиткен 30-январга чейинки убактылуу өкмөттүк бюджетке кол койду. Ошентип, өлкө тарыхындагы өкмөт ишиндеги эң узак 43 күнгө созулган шатдаун расмий түрдө аяктады, деп билдирет РИА Новости.

Документке Трамп Ак үйдө өткөн расмий аземде кол койгон.

Мурда мамлекеттик органдар тараткан билдирүүлөргө ылайык, бюджет жоктугунан маянасыз өргүүгө жөнөтүлгөн кызматкерлер, бюджет макулдашылганы тууралуу маалымат расмий жарыялангандан кийин кайра жумушка кайтууга тийиш. Натыйжада, кызматкерлер бейшемби күнү ишке чыгышат.

Сенат жана Конгресс январдын аягына чейин иштей турган компромисс бюджетин жактырган. Бирок ушул мөөнөт бүткөн соң, эгер Конгресс толук масштабдуу бюджет боюнча макулдашууга жетпесе, жаңы шатдаун коркунучу кайра жаралышы мүмкүн.

Эске салсак, АКШ өкмөтү 1-октябрдан тартып ишин токтоткон. Натыйжада жүз миңдеген кызматкерлер маянасыз өргүүгө чыгарылган. Ак үйдүн билдиришинче, бюджет маселесиндеги келишпестиктердин айынан жылдын төртүнчү чейрегинде өлкө экономикасынын өсүшү эки пайыздык пунктка төмөндөйт.

Мурдагы эң узак өкмөттүк тыныгуу (35 күн) да Трамптын президенттиги учурунда, 2019-жылдын январында болгон. Ошентип, республикачыл президенттин тушунда өкмөт иштебеген күндөрдүн жалпы саны мурдагы бардык президенттердин мөөнөтүн кошкондо да көбүрөөк болуп калды.

Бул көрсөткүч шарттуу гана, анткени 1980-жылга чейин АКШ өкмөтү бюджет бекитилмейинче ишин уланта берген. Ошол жылы башкы прокурор Бенджамин Сивилетти президент Жимми Картерге бюджет макулдашылбай калган учурда мамлекеттик кызматкерлерди маянасыз өргүүгө чыгарып, мекемелерди жабууну сунуштаган. Мындан улам шатдаун түшүнүгү пайда болгон.