Торунан 80 балык табылган. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

Укук тартиби 25 ноябрь 2025 11:32
586669461_18035241593718141_3060744509681154827_n.jpg
584903441_18035241566718141_6394192870803644742_n.jpg
586695603_18035241587718141_2171562943257912097_n.jpg
587015612_18035241590718141_2028628534223474083_n.jpg
Алдыга
Артка
586669461_18035241593718141_3060744509681154827_n.jpg
584903441_18035241566718141_6394192870803644742_n.jpg
586695603_18035241587718141_2171562943257912097_n.jpg
587015612_18035241590718141_2028628534223474083_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө түндө мыйзамсыз балык уулоого чыккан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда түндө милиция кызматкерлери Түп айылынын түштүк тарабындагы көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандарды кармоого аракет кылышкан. Браконьерлер аларды байкап калып, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында алардын бири 1985-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалган.

Браконьердин көлдөн алынган мыйзамсыз торунан болжол менен 80 балык табылып, үч синтетикалык балык уулоочу тор алынган.

Мындан тышкары, А.Ч.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, дагы эки синтетикалык тор табылган.

Натыйжада мамлекетке 70 миң 700 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.